Сербияда 25-октябрда өткөн мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоодо студенттер колдогон "Студенттер тизмеси" кыймылы жеңишке жетти. Өлкөнүн мурдагы президенти Александр Вучич өзү жетектеген саясий күч шайлоодо утулганын моюнга алгандыгын Reuters агенттиги жазды.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, студенттердин кыймылы парламенттен 135-140 орун алышы мүмкүн. Ал эми Вучичтин партиясы 105 орунга ээ болору болжолдонууда. Расмий жыйынтыктар жарыялана элек.
Эскерте кетсек, Вучич сентябрдын аягында президенттик кызматтан кеткен. Ал шайлоодо жеңишке жетсе, өкмөт башчы болорун билдирген.
Шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин Белградда жана башка шаарларда тургундар жеңишти майрамдап, унаалардын сигналдарын басып, ырдап, көчөлөргө чыгышкан.