Австралияда 45 жаштагы Саванна Дэйсли аттуу ишкер айымдын үстүнөн сот иши башталды. Ал 14 жаштагы өспүрүм менен жыныстык катнашка барган деп айыпталууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, ишкер айым мектеп окуучусу менен интимдик мамиледе болгон деген маалымат пайда болгондон кийин, ал окуучунун оозун жабууга аракет кылган. Соттун материалдарына ылайык, миллионер аял мас абалында бир күндө 4 жолу өспүрүм менен жыныстык катнашка барган.
Прокурордун айтымында, бул окуядан кийин Дэйсли өспүрүмдү бул окуяны эч кимге айтпоого көндүрүүгө аракет кылып, күнөөнү 14 жаштагы балага оодарууга аракет кылган.
Бул окуя коомчулукка чыккандан кийин Дэйсли социалдык тармактагы бардык баракчаларын өчүрүп салган.