Бишкекте 36 жаштагы Айбек Касымакунов изделүүдө. Ал 5-июлда Учкун кичи районунан Жал кичи районун көздөй кеткен боюнча дайынсыз болууда. Бул тууралуу Кыргызстандын коомдук коопсуздук кеңешинен маалымдашты.
"Бою 170-175 сантиметр, салмагы 70-75 килограмм. Үстүндө күңүрт түстөгү жеңи узун көйнөк, боз жынсы шым, башында кепка жана сумкасы менен көз айнеги болгон.
Өзгөчөлүктөрү: Чекесинде жана оң колунун чыпалагында тырыгы бар", - деп айтылат маалыматта.
Айбек Касымакунов боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот: 0555230490, 0755074720.