Борбор калаанын спорттук мектептеринин окуучулары Ысык-Көлдө ден соолукту чыңдоого негизделген окуу-машыгуу лагеринде эс алууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, лагерь 800дөн ашык балдарды жана өспүрүмдөрдү камтыйт. Иш-чаралардын сапаттуу уюштурулушун текшерүү жана окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүгө усулдук жардам көрсөтүү максатында Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин адистери лагерь өтүп жаткан жайларды кыдырышты.
Учурда бильярд жана велоспорт боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резервдик мектебинин, Октябрь райондук адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резервдик мектебинин жана шахмат боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резервдик мектебинин тарбиялануучулары эс алышууда. Бул убакытка чейин лагерге спорттук мушташ өнөрлөрү боюнча, бильярд спорту боюнча, спорттук оюндар боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резервдик мектептеринин тарбиялануучулары барып келишкен. Балдар менен машыктыруучулар бирге баргандыктан машыгуулар да үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.