"Учагын 300 миң адам онлайн карап турат". Кытай АКШ спикери Пелосини Тайванга барса катаал чара болорун жарыялады

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга барса Кытай эң катаал чараларды көрүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министринин жардамчысы Хуа Чуньинге таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Хуа Чуньин АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосининин Тайванга күтүлүп жаткан сапарына байланыштуу Кытай АКШ менен байланышта экенин билдирген.

"Кытайдын бир нече жолу эскертүүлөрүн этибарга албаган америкалык тарап ойлонбой кадамдарга барууда. Мындан улам Кытай кандай каршы чараларды көрбөсүн, алар мыйзамдуу да, зарыл да", - деген Хуа Чуньин.

Хуа Чуньин ошондой эле АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Пелоси Тайванга баруу же барбоо чечимин өзү кабыл алат деген билдирүүсүнө жооп берген.

"Мен сизге айтаарым, АКШ жоопко тартылат жана Кытайдын эгемендигине жана коопсуздук кызыкчылыктарына зыян келтиргени үчүн баасын төлөйт", - деп кошумчалаган кытайлык чиновник.

Белгилей кетсек, Нэнси Пелосинин Тайванга сапары боюнча азырынча расмий билдирүүлөр боло элек, бирок чет элдик басылмалар өз булактарына таянуу менен Пелоси аралга 2-август күнү кечинде барарын жазышууда. Ошондой эле 3-августта Пелоси Тайвандын администрация башчысы Цай Инвэнь менен жолугушуусу керектиги айтылды.

Буга чейин АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Малайзияга баргандыгы кабарланган. Чет элдик басылмалар Пелоси Малайзиядан Тайванга учарын жазышууда. Учурда ал отурган учакты 300 миңден ашуун адам онлайн карап отурат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан