АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси бар делген учак акырындап Тайванга жакындап жатат. Мындай маалымат телеграмм каналдарда жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Нэнси Пелоси отурган делген Boeing С-40С учагы Куала-Лумпур шаарынан учуп чыгып, Борнео жана Сулавеси аралдарынын үстүнөн учуп өтүп, андан кийин түндүккө бурулган. Учурда учак акырындан Тайванга жакындап бара жатат.
Учакты онлайн жүз миңдеген адамдар карап отурат.
Буга чейин Кытайдын тышкы иштер министринин жардамчысы Хуа Чуньин Нэнси Пелоси Тайванга барса Кытай эң катаал чараларды көрөрүн билдирген.