Интернет желесинде 31-июль күнү Бишкектеги Маевка айылында жайгашкан "Берёзка" дүкөнүнүн кызматкерлери дүкөндү текшерүүгө келген Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Акжолтой Тукуновдун кагаздарын алып, өзүн дүкөндөн чыгарып салышкан видео талкууга түшкөн.
Бул окуя боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынан билдирүү таратышты.
"Алгач белгилей кетүүчү жагдай, чекене соода объектилеринде (дүкөндөр, супермаркеттер ж.б.) жана базарлардагы баага мониторинг жүргүзүү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан туруктуу негизде жумуш убактысында жана чекене соода объектисинин тиешелүү өкүлүнүн катышуусунда өткөрүлүшү керек. Ишемби күнү да мониторинг жүргүзүүгө болот, бирок тиешелүү көрсөтмөлөрдүн алкагында жана белгиленген убакытта гана. Мындай иш-чараны өткөрүүдө социалдык маанидеги товарлардын баасы боюнча анкеталар толтурулуп, алардын өзгөрүү себептери, көйгөйлөрү такталат жана монополияга каршы мыйзамдарды сактоо, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Мындай иш-чараларга соодагерлер ар дайым түшүнүү менен мамиле кылышат, бул сыяктуу окуя биринчи жолу болду.
Акжолтой Тукунов бул окуя боюнча өз түшүндүрмөсүндө, жумуш убактысы эмес экенин жана бул дүкөндү текшерүү пландалбаганын билгенин, бирок аталган дүкөндөгү баалар өтө кымбат экенине күбө болгондугу үчүн ушул кадамга барганын моюнга алды. Ал күнөөсүн сезип, кечирим сурады.
Экономика жана коммерция министрлиги ишкердик чөйрөнү жакшыртуу жаатында мамлекеттик саясатты, бирдиктүү мамлекеттик монополияга каршы саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн жооптуу борбордук аткаруу бийлигинин органы экендигин эске алуу менен, экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова бул окуяга байланыштуу жыйналыш өткөрдү. Анда Тукуновго эскертүү берилип, бул сыяктуу окуялардын орун алышын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы айтылды", - деп жазылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин Акжолтой Тукунов дүкөндөгү айрым азык-түлүктөр, анын ичинде кум шекер кымбат экенин айтып, дүкөндүн администратору менен жолугууну көздөгөн. Бирок дүкөндүн кызматкерлери анын күбөлүгүн тартып алып, эшикке чыгарып салышканы жазылган.
Эске салсак, активист Акжолтой Тукунов Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп ушул жылдын июль айында дайындалган.