Кадамжайда тамак-ашка уулангандардын саны 108ге жетти

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда тойканада тамак-ашка ууланып, ооруканага кайрылгандардын саны 108ге жетти. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине байланышканыбызда билдиришти.

Ага ылайык, алардын ичинен 23ү (2 жаш бала) ооруканада дарыланып жатат.

85и (1 жаш бала) амбулатордук дарыланууда. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык. Жандаруу бөлүмүндөгү 2 жаш баланын абалдары канааттандырарлык болгондуктан инфекция бөлүмүнө жайгаштырылды.

Белгилей кетсек, 31-июлда тойканадагы тамак-ашка ууланып, 58 адам ооруканага кайрылганы маалымдалган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан