Ысык-Көлдө 23 адам кырсыкка учурап, 2 жаран каза тапты

Бүгүн, 3-августта Ысык-Көлдөгү кырсыктан 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 07:40 чамасында Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолунун 24-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter жана MITSUBISHI үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.
Жалпы 23 адам кырсыкка учурап, жаракат алган 3 адам Балыкчы шаарынын ооруканасына жеткирилген. Жеринде каза болгон эки адамдын сөөгүн ИИМдин кызматкерлерине куткаруучулар өткөрүп беришкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан