Бүгүн, 3-августта борбор калаадагы тойканалардын биринде актриса Айгерим Саматованын кыз узатуу тою өтүүдө. Актриса Мадияр Русланов аттуу чыгармачылык чөйрөдөгү жигитке турмушка чыкты.
Эскерте кетсек, 19-июлда "Кыска тамаша" долбоорунун резиденти, актриса Айгерим Саматованын сүйүктүүсү колун сураган.
"Жигитим экөөбүз алты жылдан бери сүйлөшүп жүрчүбүз. Мамилени ачыкка чыгарууну экөөбүз тең каалаган эмеспиз, анан бүгүнкү күнгө жеттик. Аябай толкунданып жатам. Эми турмушка качан чыгасың деген суроолордон кутулдум. Бул мырзаны (Мадияр Русланов) жакында тааныштырам. Кош бол, эми бойдокчулук", - деп билдирген актриса.
Белгилей кетсек, Айгерим Саматова "Кайнене", "Кайнене 2" тасмаларында роль жаратып, бир катар клиптерге да тартылган.