Асылбек Жээнбеков “бүгүн “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү маселеси чечилет” деди

Төрага Асылбек Жээнбеков парламенттин 4-декабрдагы жыйынында “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун тизмесине каттатуу маселеси бүгүн чечиле турганын билдирди. Төрага бул иштин артынан учурда Бакуда жүргөн депутат Карганбек Самаковго ыраазычылык айтуу менен ийгилик каалады. “ЮНЕСКОнун тизмесине “Манас” эпосубуздун киришине үмүтүбүз зор. Карганбек Самаковдон жакшы кабар келет деп күтүп жатабыз. Добуш бере турган мамлекеттер биздин аракетти колдосун деп тилек кылалы, Кудайдан тилейли. Кыргыз делегациясынын ишине ийгилик каалайм”,- деди төрага. 

Асылбек Жээнбеков “Манас” эпосун ЮНЕСКОго каттатуу боюнча бардык документ иштери аткарылганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан