Милициянын кайгуул кызматкери Аброр Хакимов Түркияда өткөн мелдеште алтын курга ээ болду. Бул тууралуу Ош ШИИБинен маалымдашты.
Билдирүүдө айтылгандай, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын кызматкери Аброр Хакимов Түркияда өткөн WAKO PRO мелдеште 71 килограмм салмактагылар арасында кикбоксинг боюнча чемпион болду.
Аны «Ош» эл аралык аэропортунан Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери, Ош шаардык спорт комитетинин өкүлдөрү тосуп алышкан.
"Аброр Хакимов Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынын саптык батальонунун 2-взводунун кызматкери. Ал профессионал мушкерлер арасында Түркияда өткөн кикбоксинг боюнча мелдешке Кыргызстандын атынан катышып, алтын курду жеңип алды. Аны аэропорттон тосуп алып, жеңиши менен куттуктадык", - деп айтылат маалыматта.