"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаадагы фонтандарды жууп, тазалап жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта жаштар аллеясындагы Кыргыз улуттук филармониясынын, Тарых музейинин алдындагы, "Ала-Тоо" аянтындагы фонтандар жуулууда.
Ошондой эле "Күн балыктары", "Алтын Балыктар" фонтан комплекстеринде дагы тазалоо иштери жүрүп жатат.
Ишкананын балансында 16 фонтан бар. Тазалоо иштерине жалпы 10 жумушчу жана 3 атайын техника тартылып, күн сайын адистер фонтандардын ичтериндеги жалбырактарды, ар кандай таштандыларды чогултушуп, андан соң мотор, насостордун иштешин текшерип жатат.