Армениянын мамлекеттик номери тагылган Лексус үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу номердин баш тамгаларын Кыргызстандын туусу менен жаап койгондугу үчүн 10 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
"Бул көрүнүш Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 182-беренесинин 4-бөлүмүнө каршы келгендиктен, маалымат чыгаар замат кайгуул кызматкерлери тарабынан жогорудагы унаа табылып, 10 миң сом айып салуу менен унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.
Кайгуул кызматы айдоочуларды мындай көрүнүштөргө жол бербөөгө жана мамлекеттин жүзү болгон Кыргыз туусун көрүнгөн жерлерге чаптоого жол бербөөгө чакырат.