Кыргыз Республикасынын президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу эртен, 4-августта башталат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен кабарланды.
Дүйнөнүн алдынкы 100 университетинен билимин жогорулаткысы келген талапкерлер конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди берет:
- ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча эл аралык стипендияны ыйгаруу конкурсуна катышуу үчүн талапкердин толтурулган анкетасы;
- паспорт/инсандын күбөлүгү;
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайында 3,8 баллдан кем эмес жетишкендигинин орточо баллы менен (GPA) транскриптти тиркөө менен бакалавр/адис/магистр диплому;
- программаны, адистикти, окуу мезгилин көрсөтүү менен мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен академиялык окууга кабыл алынгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- чет өлкөлүк жогорку окуу жай тарабынан берилген жетишкендиктер жөнүндө расмий документ/адистигин, курсун (окуу жылын), ошол окуу жайда пайдаланылган баалоо системасы жөнүндө маалыматты. Ошондой эле чет өлкөнүн алдынкы жогорку окуу жайларында академиялык окууда окуп жаткан адамдар үчүн мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен ошол окуу жайда учурдагы жетишкендиктин орточо баллын көрсөткөн белгиленген үлгүдөгү маалымкат;
- жарыялоолор, автордук күбөлүктөр, баяндамалардын тезистери, дипломдор ж.б. менен ырасталган илимий-изилдөө иштерине активдүү жана натыйжалуу катышуу жөнүндө маалыматтар;
- эл аралык стипендияны ыйгарганга чейин эки жыл ичинде башка коомдук сунуштар жөнүндө, илимий-изилдөө иштеринин натыйжалары жөнүндө маалыматтар, анын ичинде эл аралык, республикалык же ведомстволук конференцияда, семинарда, тиешелүү деңгээлдеги тегерек столдо баяндама (билдирүү) менен чыгып сүйлөө аркылуу.
Документтер топтомун шилтемедеги формага тиркөө зарыл. Ал эми TOP-100 университетти шилтеме аркылуу кирип көрө аласыз.
Президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясы таланттуу жаштардын чет өлкөдөн билим алууга шыктануусун колдоо жана жогорулатуу, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча жаңы муундагы адистерди даярдоо үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында түзүлгөн.