Ош шаарында 1-августтан бери дайынсыз болуп жаткан 9 жаштагы Сыймык Алиев изделүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сыймык Алиев 1-август күнү Оштогу Раззаков көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Белгилери: кара-тору жүздүү, чачы жана кашы кара, боюнун узундугу болжол менен 140-145 сантиметр;
Кийген кийимдери: Кызыл-көк аралаш түстөгү футболка, тизесинен ылдыйыраак болгон көк түстөгү шорта. Башында ак түстөгү панама.
Эгерде кимдир бирөөдө изделип жаткан Сыймык Алиев тууралуу маалымат болсо, төмөндөгү телефондорго кайрылса болот: 0551 62-10-41, 0559 44-97-97.