Ошто изделип жаткан 9 жаштагы Сыймык Алиев аман-эсен табылды

Ош шаарында 1-августтан бери дайынсыз болуп жаткан 9 жаштагы Сыймык Алиев аман-эсен табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Алиев милиция кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынан табылган.

Учурда милиция кызматы окуянын бардык жагдайларын иликтеп жатат.

Белгилей кетсек, ал 1-август күнү Оштогу Раззаков көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан