1-августта активист Атай Бейшенбек “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын директору Кудрет Тайчабаров ишкананын эсебинен 110 миң сомго iPhone 12 Pro Max уюлдук телефон жана 2 миллион сомдон ашык акча каражатына Toyota Land Cruiser 200 унаасын алганын социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтындагы маалыматка ылайык, “Бишкек” эркин экономикалык аймагы 2020-жылдын октябрында Улуттук көргөзмө борборуна товар сатып алуу үчүн үч жолу тендер жарыялап, кайра үч жолу тең жокко чыгарган. Мындан тышкары, сайтта андан мурдагы жылдары ЭЭАга караштуу имараттарды оңдоо үчүн беш жолу тендер жарыяланганы көрсөтүлгөн. Ал эми уюлдук телефон алуу үчүн сынак жарыяланганы тууралуу маалымат жарыяланган эмес", - деп жазды “ПолитКлиника” медиасы.