Кыргызстандын Тайвань боюнча позициясы белгилүү болду

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Кабар" агенттигине Тайвандагы акыркы кырдаалга байланыштуу комментарий берди.

"Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тайвандын айланасында болуп жаткан окуяларга кылдаттык түрдө көз салууда, кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн Тайвань аралында чыңалуунун тез арада төмөндөшүнө, тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетишүүсүнө үмүттөнөт.

Кыргыз Республикасы кыргыз-кытай ортосундагы бардык негизги документтеринде көрсөтүлгөндөй "Тайвань маселеси" боюнча өзүнүн позициясынын өзгөрбөстүгүн жана "бирдиктүү Кытай" саясатын колдоосун тастыктайт", - деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Тайванды эгемендүү мамлекет катары 14 гана өлкө тааныйт. Кытай 1979-жылдан бери аралды өзүнүн бир бөлүгү катары эсептейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан