Тынчтык корпусу аркылуу АКШ кошмо штаттарынан өлкөгө 11 директор, 11 мугалим жана 11 ыктыярчы келип, алар менен билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда министр акыркы 30 жылдын ичинде Кыргызстанда 1000ден ашык адам Тынчтык корпусунун ыктыярчылары катары кызмат өтөшкөнүн айтты.
"Мен өлкөбүзгө терең ишеним менен келген ыктыярчылары жаңы багыттагы иш-аракеттери менен куттуктайм.
Буга чейин өлкөдө иштеген ыктыярчылардын көптөгөн муундары мугалимдерди даярдоо жана жаштарды өнүктүрүү боюнча ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырышкан. Алар ошондой эле 100 миңден ашык адамга
англис тилин үйрөнүүгө, башкаруучулук жана лидерлик сапаттарды өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө жардам беришти", - деди Бейшеналиев.
Белгилей кетсек, Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары кыргыз өкмөтүнүн чакыруусу менен 1992-жылы түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргызстанда иштешет.