Жайыттарды пайдаланууну жакшыртуу жана жоопкерчиликти жогорулатуу демилгеси көтөрүлдү

Жайыттарды пайдаланууну жакшыртуу жана жоопкерчиликти жогорулатуу демилгеси көтөрүлдү. Бул туурасында  Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында жайыттарды пайдалануу жана башкаруу жаатында мыйзам бузууларга карата чара колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан “КРнын  Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды.

Талкуу жүрүшүндө өлкөнүн башкы байлыктарынын бири болгон жайытка, ага байланышкан маселелерге аяр мамиле кылуу тууралуу пикирлер айтылды.

Мыйзам долбоору буга чейин коомдук талкууга коюлуп, келип түшкөн сунуштар менен сын-пикирлер толугу менен эске алынган.Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан