Милициянын кайгуул кызматына патриот жарандар беш Toyota Prius унаасын тапшырды. Бул тууралуу кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
"Бишкек шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле "102" багытындагы чакырууларды тейлөө багытында кызмат алып барып жаткан кайгуул кызматкерлерине көмөк көрсөтүү максатында жалпы коомчулуктун коопсуздугуна жана кызматкерлердин кызматына кайдыгер карабаган патриот жарандар тарабынан Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгына Toyota Prius үлгүсүндөгү беш кызматтык унаа тапшырылды", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.
Башкармалыктын башчысы Алмазбек Исаков башкармалыктын атынан терең ыраазычылык билдирип, унаалардын ачкычтарын тийиштүү бөлүмдөргө тапшырган.