3-августта Чолпон-Ата шаарындагы Араб координациялык тобунун IV кеңешмесинде билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ислам өнүктүрүү банкынан каржылык колдоо алуу боюнча макулдашты. Бул туурасында мекемеден билдиришет.
Анда жазылгандай, Араб координациялык тобунун мүчөлөрү 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашырууну, атап айтканда билим берүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
"Алмазбек Бейшеналиев жетишилген макулдашууларга ылайык, Кыргыз Республикасы 15 миллион доллар өлчөмүндө грант жана 85 миллион долларын насыя катары алууга укуктуу экенин билдирди.
Грант билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана окуу китептери менен камсыз кылууга багытталары пландалууда. Ислам өнүктүрүү банкынан, Абу-Даби өнүктүрүү фондунан жана Араб координациялык тобунун башка мүчөлөрүнөн алынган насыянын жарымы бала бакчаларды курууга, калган жарымы мектептерди курууга жумшалат", - деп жазылат маалыматта.
Бала бакчаларды куруунун натыйжасында 45 миң бала мектепке чейинки билим берүү уюму, дагы 45 миң бала жаңы мектеп менен камсыздалары күтүлүүдө. Ал эми 3 миң тарбиячы жана мугалим жумуш орундары менен камсыз болот.