Азербайжандын Агрардык университетинде кыргыз студенттери үчүн бекер квоталык орундар бөлүнөт

Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев Гянджа шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында шаардын аткаруу бийлигинин башчысы Ниязи Байрамов, Азербайжан-Кыргызстан парламенттер аралык байланыштар боюнча жумушчу топтун жетекчиси депутат Муса Гулиев менен жолугушту. Анда Ош жана Гянджа шаарларынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүүнүн келечеги талкууланган.

Элчи Осмоналиев ошондой эле Азербайжан мамлекеттик агрардык университетинин ректору Ибрагим Жафаров менен да жолугушкан.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосундагы билим берүү тармагындагы мамилелердин келечеги, атап айтканда Азербайжандын Агрардык университетинде кыргызстандык студенттердин билим алуусу үчүн бекер квоталык орундарды бөлүү маселелери талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан