АКШда маймыл чечеги илдетине байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды

АКШ маймыл чечеги илдетине байланыштуу өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо жана калкты тейлөө министри Хавьер Бесеррага таянуу менен жергиликтүү ЖМКлары жазып чыгышты.

"Биз бул вирус менен күрөшүү үчүн жаңы чараларды көрүүгө даярбыз. Ошондой эле ар бир жаранды бул вирус менен күрөшүүгө жардам берүүгө жана олуттуу кабыл алууга чакырабыз", - деп билдирген ал.

Америка Кошмо Штаттары маймыл оорусуна чалдыккандардын саны эң көп катталган өлкө. АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча борборлорунун маалыматы боюнча, өлкөдө 7 миңге жакын учур катталган. Нью-Йорк оорунун таралышынын очогу бойдон калууда, андан кийин Калифорния.

Маймыл чечеги – Борбордук жана Батыш Африканын алыскы аймактарында кеңири таралган жугуштуу оору. Июль айында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул илдеттин жайылышын эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган. Анын белгилери - жүрөк айлануу, ысытма, териде исиркектердин пайда болушу, кычышуу жана булчуңдардын оорушу менен коштолот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан