Тажикстан Республикасында жашаган этникалык кыргыздарга Кыргызстандагы ЖОЖдо окуу үчүн 25 квоталык орун бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 2022-2023-окуу жылына карата Кыргызстандын ЖОЖдоруна чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарды окутуу үчүн 75 квота бөлүнгөн.
Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин онлайн системасына катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2022-2023-окуу жылында кабыл алуу” бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек.
Ошондой эле 19-август саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.
Керектүү документтер:
Эскертүү: документтери толук эмес арыздар автоматтык түрдө четке кагылат!
Бакалавр программаларына конкурстук тандоо төмөндөгүдөй жүргүзүлөт:
- компьютердик тестирлөө.
Болжолдуу түрдө компьютердик тестирлөө жана аңгемелешүү 2022-жылдын 25-августунан 26-августуна чейин өткөрүлөт. Онлайн системасында ийгиликтүү катталып, техникалык текшерүүдөн өткөн талапкерлердин жеке кабинетине сынактык тестирлөөнүн датасы жана убактысы тууралуу маалымат жөнөтүлөт.
Эгерде талапкер жүйөлүү себептер менен жеке тандоо стадиясында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болсо, тандоо комиссиясы бул этаптардан онлайн режиминде өтүү мүмкүнчүлүгүн карашы мүмкүн.