Ысык-Көлдө 18 күн мурун жоголгон наристе көлдүн бардык тарабынан изделүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 18 күн мурун көлгө чөгүп кеткен төрт жашар кыз көлдүн бардык тарабынан изделип жатканын билдирди.

“Көлдүн үстүнөн, жээктерден, көл түбүнөн издөө үчүн Тору-Айгыр айылына ӨКМнын Суучулдар кызматынан 10 суучул, Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 4 куткаруучу, Кочкор райондук №42 ӨКБдан 4 куткаруучу, Нарын райондук №16 ӨКБдан 5 куткаруучу, Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу жана Тоң райондук №38 ӨКБдан 4 куткаруучу, Каракол шарынан 8 адам кеме менен, жергиликтүү тургундардан 8 киши, ыктыярчылардан 3 киши издешет”, - деп айтылат маалыматта.

Наристени издөө ишине жалпысынан 32 куткаруучу тартылган. Алар 18 күндөн бери аймактарга, жээктерге бөлүнүп иш алып барышууда.

Эске салсак, 18-июлда 5 адамдан турган балалуу үй-бүлө “жапайы пляжда” көлгө түшүп жатканда шамал болуп, көл бешөөнү тең баллондору менен кошо жээктен алыс тартып кеткен. Аларды кайыктагы жергиликтүү тургундар таап алышкан. Бирок 4 жаштагы кызды таппай калышкан. Ошондон бери аны издөө иштери натыйжа бере элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан