Тажикстан бир чек ара тозотун Ооганстанга жакын аймакка көчүрдү

Тажикстандын Шамсиддин Шохин (мурдагы Шуроабад) районунда жайгашкан чек ара тозоту Ооганстандын чек арасынан 12 чакырым аралыктагы аймакка жакындатылды. Аталган райондун жетекчиси Зафар Гүлзода маалымат жыйынында бул маалыматты тастыктап, мындай чечим эки өлкөнүн чек арасындагы көзөмөлдү күчөтөрүн билдиргенин тажик басылмалары жазып чыкты.

Чек ара тозотунун мурдагы жайгашкан жери чек арадан 20 чакырым алыстыкта ​​болгондуктан, ал жерден чек араны түз көзөмөлдөө мүмкүн эмес болчу. Жаңы чек ара отряды чек араны көзөмөлдөө кыйын деп эсептелген жерде жайгашкан”, - деген ал.

Белгилей кетсек, аталган чек ара тозотунун инфраструктурасы ушул жылдын май айында пайдаланууга берилген.

Шамсиддин Шохин аймагындагы Ооганстан менен Тажикстандын чек арасын узундугу 145 чакырым болгон Пянж дарыясы бөлүп турат.

Буга чейин Ооганстанды башкарган "Талибан" кыймылынын жогорку даражадагы командирлеринин бири Мохаммад Жан Хамза, эгерде Тажикстан Ооганстандын ички ишине кийлигишүүнү токтотпосо, талиптер аларды бир жуманын ичинде басып аларын билдирген эле.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан