Бишкектин төрт районунда кышкы мезгилге көмүр даярдоо боюнча иштер башталды. Шаардык бийликтин маалыматына таянсак, көмүр камдоо июль айында башталган.
Биринчи Май районунун аймагында отун базалары жок, бирок жыл сайын күз-кыш мезгилиндеги жылытуу мезгилинде көмүр сатуучу 20га жакын стационардык пункттар ачылат.
Ленин районунун аймагында төмөнкү даректер боюнча 7 көмүр базасы иштейт:
- Садыгалиев көчөсү, №4б дарегинде;
- Мурманск көчөсү, 126 дарегиндеги көмүр базасы;
- Мурманск көчөсү, 45/2 дарегиндеги «Кара-Тоо» ЖЧКсы;
- Мурманск көчөсү, 122 жана 122а даректериндеги «Береке» ЖЧКсы;
- Мурманск көчөсү, 1Б дарегиндеги «Беш Сары» ЖЧКсы;
- Дэн Сяопин кең көчөсү, 306а дарегиндеги Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин көмүр базасы;
- Дэн Сяопин кең көчөсү, 308/4 дарегиндеги «Болотбеков» ЖИ.
Ошондой эле жыл сайын күз-кыш мезгилиндеги жылытуу мезгилинде көмүр сатуу боюнча 20га жакын стационардык пункттар ачылат.
Свердлов районунун аймагында Достоевский көчөсү, 1 дарегинде 1 көмүр базасы бар.
Октябрь районунун аймагында Кара-Жыгач конушундагы Сары-Өзөн көчөсү 98а дарегинде «Глобал Азия Пропертис» ЖЧКсынын 1 көмүр базасы бар.