Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-августта судьялар менен жолугушту. Анда өлкө башчы «Аялдарга жана жашы жете электерге карата ырайымсыз мамиле боюнча соттук иштер Жогорку Сот тарабынан катуу көзөмөлгө алынышы керек» деди.
Ошондой эле президент коомчулукта сот тутумуна нааразычылык жараткан көйгөйлөрдү талдап, аларды чечүүдө жарандык коомдун өкүлдөрү менен диалог жүргүзүүчү аянтчаларды түзүү бүгүнкү күндүн талабына ылайык чечим экендигин билдирди.
«Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн качпастан алар менен ийри отуруп түз кеңешип, биргелешип иш алып баруу сөзсүз жакшы жыйынтыктарды жаратат деп ишенем», - деди Садыр Жапаров.