Кыргыздын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров кызматынан бошотулду

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Азимбек Бекназаров Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.

Мындай чечим Азимбек Бекназаровдун алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгына байланыштуу кабыл алынды", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан