Боомдо унаа тыгыны жаралды (фото)

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында жүргөн селден улам унаа тыгыны жаралды. Бул тууралуу блогер Эртай Искаков социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Бүгүн, 5-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Боомдо сел жүрүп, унаа жолу эки тараптуу жабылганын билдирген. Андан кийин министрлик саат 17:10до унаа жол бир тараптуу ачылганын кабарлады.

Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Мындан улам Боом капчыгайында унаа тыгыны жаралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан