Эрдоган Путин менен жолугушуу үчүн Сочиге барды

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путинге жолугуу үчүн Сочи шаарына барды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Путин менен Эрдоган алгач жекеме-жеке сүйлөшөт, андан соң аларга эки өлкөнүн делегациялары кошулат. Сүйлөшүүнүн негизги темаларынын арасында Украинанын тегерегиндеги кырдаал, анын ичинде Украина портторунан дан экспорттоо операциясы талкууланышы күтүлүүдө.

Ошондой эле Орусия менен Түркиянын президенттери эки тараптуу байланыштарды жогорку деңгээлде улантуу боюнча макулдашат деп күтүлүүдө.

Саммиттен кийин Путин менен Эрдогандын пресс-конференциясы түрк тараптын убактысынын тардыгына байланыштуу пландалган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан