Индияда жылан чагып өлгөн бир тууганынын сөөгүн көмгөн жигитти башка жылан чагып каза болду

Индияда 22 жаштагы жигитти жылан чагып ал каза болду. Андан бир нече саат мурун ал жыландын уусунан каза болгон 38 жаштагы байкесин акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 22 жаштагы Говинд Мишара жана анын агасы Чандрашекара Пандей Индиядагы Бхаванипур айылына жылан чаккан улуу агасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына келишкен. Алар бир тууганынын сөөгүн көмүп, андан кийин уктап жатканда аларга жылан кол салган. Натыйжада Говинд Мишара каза болуп, агасы ооруканага жеткирилген. Анын абалы оор деп бааланууда.

Расмий статистикага ылайык, жыл сайын Индияда миллиондон ашык адам жылан чаккандыктан жапа чегип, анын 50 миңи өлөт. Бул башка жырткыч жаныбарлардын курмандыктарынан отуз эсе көп.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан