Орусияда мэрди көгөрүп кеткен бут кийим менен чапкан аялга батир берилди

Шаар мэрин бут кийим менен чапкан Орусиянын Углегорск шаарынын тургуну Людмила Аникеевага батир берилди. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Ушул жумада социалдык тармактарда Сахалин облусунун губернатору Валерий Лимаренконун Углегорск шаарынын калкы менен жолугушуусун чагылдырган видео жарыяланган. Видеодо аял алгач үйдөгү нымдуулуктан улам көк басып калган бут кийимди көрсөтүп андан кийин бут кийим менен Углегорск шаарынын акими Дмитрий Цукановду чаап жиберген. Кийинчерээк полиция аялды алып чыгып кеткен.

Бул видео кызуу талкууга алынган. Андан кийин эле Углегорск шаарынын мэри аялга шаардын борборунан 2 бөлмөлүү батир берген.

"Жаңы турак-жай бизди абдан канааттандырды", - деген кубанычына коюнуна батпаган Аникеева.

Орусияда аял шаар мэрин бут кийим менен чапкан видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан