5-августта Ош шаарынын борбордук аянтында Түркияга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн велосипед менен жолго чыккан 75 жаштагы калаа тургуну Мамыт Таштановду сапарга узатуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, маданият жана искусство ишмерлери, мэриянын кызматкерлери жана тургундар катышкан.
Мамыт Таштановго Ош шаарынын мэриясынан материалдык жардам көрсөтүлгөн.
Таштанов велосипед тээп 6 мамлекет аркылуу өтөт: Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Азербайжан, Армения, Түркия. Иш-чаранын максаты - түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун чыңдоо.