Ош шаарында 99 жаштагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Анна Тягунова каза болду. Маалыматты Ош мэриясынан кабарлашты.
Тягунова Анна Куприяновна 1923-жылы 10-июлда туулган. Согуш жылдарында Украина фронтунун 232-госпиталында аскердик медайым болуп кызмат өтөгөн.
"Ош шаарынын мэриясы ардагердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Учурда Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 3 ардагери калды", - деп билдиришти мэриядан.