20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары борбордук аянтта орозо кармоону улантууда. Учурда коргоо комитетинин штабына облус аймагынан келген жарандар жазылып кетишүүдө. Ал эми орозо кармап отурган 20га чукул аял бийликке койгон 3 күндүк мөөнөттүн жыйынтыгын күтүп жаткандыгын митингди уюштуруучулардын бири Сапаргүл Бердалиева бүгүн, 4-декабрда билдирди.
Эскерте кетсек, 19-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан Ахматбек Келдибековго Кылмыш кодексинин 303-304- беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына камалган. Депутатка карата "2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон" деген айып тагылууда.