Орусияда ушул жайдын эң популярдуу унаалары аталды

Орусияда июнь-июль айларында түштүк кореялык Kia жана Hyundai, ошондой эле орусиялык Lada үлгүсүндөгү унаалар эң көп сатылып алынган унаалар болду. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы СберАвто компаниясынын изилдөөсүнө таянып жазды.

Изилдөө көрсөткөндөй, Орусияда сатып алынган унаалардын 12 пайызы Kia, 10 пайызы Hyundai, 8 пайызы Ладага туура келген. Эң популярдуу моделдер KIA Rio, Hyundai Solaris, Lada Granta жана Lada Vesta болду. Ал эми төртүнчү орун Volkswagen брендине таандык болгон.

Ошол эле учурда сатып алынган унаалардын 94 пайызы буга чейин айдалган жана 6 эле пайызы жаңы жүрө элек унааларды алган.

Сатылып алынган эң көп унаалар Москвада жана Москва облусунда, ошондой эле Санкт-Петербург, Екатеринбург, Пермь, Красноярск, Новосибирск жана Уфада болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан