Дзюдочу Эрлан Шеров Нур-Султан шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Азия чемпиондугунда күмүш медаль тагынды.
Кыргыз дзюдочусу Азия чемпиондугунун жарым финалында казакстандык Хамза Дидар менен кез келип, аны иппон менен жеңип алды.
Финалда Шеров япониялык Санширо Мураого жеңилип калды.
Бул Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпиондугунда Кыргызстан үчүн экинчи байге. 5-августта 73 килограмм салмакта Чыңгызхан Сагыналиев коло байге уткан.
Азия чемпиондугу 4-августта башталган жана бүгүн, 7-августта аяктайт.