Бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, добуш берүүгө жиберилди. Долбоордун демилгечилери Каныбек Иманалиев, Турсунбай Бакир уулу, Жоомарт Сапарбаев жана башкалар.
Мыйзамга ылайык, КРнын дипломатиялык кызматы мамлекеттик кызматтардын курамдык бөлүгү болуп саналат. Мында дипломатиялык кызматка кирүү жана анда кызмат өтөөнүн тартиби жогоруда аталган мыйзамга ылайык жүргүзүлөт. Ушундан улам сунушталган толуктоо менен “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамдын күчү дипломатиялык кызмат органдарына жана алардын кызматкерлерине жайылтылат.