Орусияда ММА мушкерлери массалык түрдө мушташты (видео)

Орусиянын Ленинград облусунун Мурино шаарында ММА мушкерлери массалык түрдө мушташты. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, мушташка 20дай адам катышып, ал ок атуу менен коштолгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, мушташтан кеминде бир адам жабыркаган. Окуя болгон жерден болжолдуу түрдө травматикалык куралдан атылган төрт октун гильзасы табылган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Мушташка эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Жаңжалдын катышуучуларынын көбү полиция келгенге чейин качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Мушташтан ММА боюнча машыктыруучу жана мушкер Руслан Булгучев жаракат алган. Ал ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылган.

Орусияда ММА мушкерлери мушташты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан