Чүйдүн Аламүдүн РИИБине арыз менен 1964-жылы туулган У.Ж. аттуу жаран кайрылып, 6-августтан 7-августка караган түнү Лебединовка айылында белгисиз адамдар 17 жаштагы кызын зордукташканын айтып милицияга кайрылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган арыз Аламүдүн РИИБинде маалыматтык журналга катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иши башталган.
"Окуя боюнча бардык адамдар такталып, алар суракка алынган. Ошондой эле тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынат. Аталган окуя Чүй ОИИББинин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынды жана окуянын жагдайы боюнча тыкыр изилдөө жүргүзүлүп, күнөөлүү адамдарга мыйзам чегинде тийиштүү чаралар көрүлөт", - деп жазылат маалыматта.
Учурда жабырлануучу кыздын жакындары социалдык тармакка видео таратып, анда шектүүлөр Бишкектеги "Алтын Казына" ресторанында иштей турганын айтышкан.
Тасмада кызды бир күн бою аталган ресторандын эки кызматкери алмак-салмак зордукташканы айтылат.
Ал эми укук коргоо органдары шектүүлөрдүн кайсы жакта иштегенин жана аталган ресторандын кызматкерлери деген маалыматты тастыктаган жок.