
Бүгүн, 8-августтан баштап Бишкек жана Ош шаарларында “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметинин мугалимдеринин тренерлерин даярдоо башталды.
Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлагандай, 1-2 жума аралыгында 73 тренер облустардагы мамлекеттик жана муниципалдык мектептердеги 2601 мугалимди окутат.
Тренерлерди даярдоо Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту тарабынан ишке ашырылат.
Мугалимдерди окутуу оффлайн жана онлайн форматта жүргүзүлөт. Учурда “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметинин стандарты даярдалды.
Маалымат үчүн: 2022–2023-окуу жылынан баштап жалпы билим берүү уюмдарда "Диндердин өнүгүү тарыхы" предмети киргизилет. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Кыргыз жергесинде 1-сентябрдан баштап 9-класстын окуучуларына "Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагы өтүлө баштайт. Окуучуларга диндердин өнүгүү тарыхы сабагын теологдор жана тарых сабагынан берген мугалимдер бере алышат. Аларга коюлган шарттарды шилтемеден окуй аласыз.