Бишкек шаарынын мэринин милдетин убактылуу Биринчи вице-мэр Мурат Исмаилов аркалайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 4-декабрда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов өз каалоосу менен отставкага кеткен. Эми Борбордук шайлоо комиссиясы 10 күндүн ичинде мэрди шайлоону белгилеш керек.