
Бишкек шаарында жайгашкан "Таатан" соода борборунун аймагында чыккан өрт саат 20:13тө чектөөгө алынды. Бул туурасында ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, өрт соода борбордун айланасындагы курулуш материалдарды саткан дүкөндөн чыккан. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан 5 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, Штаб жана ККББдан ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары ИИМден 1 экипаж, "Тез жардам" кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тартылган.
Кошумча маалымат берилет.