Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Таласта “Талас-Арена” стадионунун ачылышына катышты

Бүгүн, 2-ноябрда, президент Садыр Жапаров Талас шаарындагы жаңы “Талас-Арена” борбордук стадионунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Мамлекет башчысы стадиондун инфраструктурасы, машыгуу талаалары жана кичи футбол аянтчалары менен таанышты. Ошондой эле жаш футболчу кыздардын көрсөтмө оюнун көрдү.

Салтанатта Садыр Жапаров стадиондун курулушу аймакта футболду өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

Мындан тышкары, президент «Азия» футбол клубунун негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановго демилгеси үчүн ыраазычылык билдирип, символикалык түрдө топ жана автобустун ачкычын тапшырды.

Белгилей кетсек, “Талас-Арена” стадиону “Азия” футбол клубунун машыгуучу базасы болот. Ачылыш аземи “Азия” жана “Талант”клубдарынын беттеши жана салют менен жыйынтыкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан