Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык кары Москвадагы эл аралык Куран жарышында калыстык кылды

Кыргызстандык кары Асылбек Таштемиров Москва шаарында өткөн XXVI эл аралык Куран конкурсунда калыстар тобунун курамында иштеди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынак 29-30-октябрь күндөрү өтүп, быйыл Африка өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнө арналды. Ага 45 өлкөдөн катышуучулар тандалып, 13 кары финалдык турга жолдомо алган.

Мелдеште катышуучулар Куранды жатка билүү, аяттарды туура окуу, тажвид эрежелерин сактоо жана кыраат чеберчилиги боюнча бааланды.

Жыйынтыгында биринчи орунду Ливиянын, экинчи орунду Кениянын өкүлү ээледи. Үчүнчү орунду Руанда менен Жибутинин карылары бөлүштү.

Мекемеден Кыргызстандык карынын эл аралык деңгээлде калыстык милдетин аткарышы өлкөдөгү Куран илиминин өкүлдөрүнүн тажрыйбасын жана кадыр-баркын көрсөтөрүн белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан