17 жаштагы кызды зордуктоого шектелип “Алтын Казына” кафесинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБне арыз менен 1964-жылы туулган У.Ж. аттуу жаран кайрылып, 7-августка караган түнү Лебединовка айылында белгисиз адамдар 2005-жылы туулган О.А. аттуу кызын зордуктап койгондугун айтып, чара көрүүнү өтүнгөн.
Аталган арыз Аламүдүн РИИБне катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштеринин алкагында окуянын жагдайы боюнча бардык адамдар такталып, алар суракка алынып көргөзмөлөрүн беришкен. Тийиштүү соттук-экспертизалар дайындалган.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен ушул кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган У.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмыш ишинин жүрүшү Чүй ОИИББинин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынганы жана окуянын жагдайы боюнча тыкыр изилдөө жүргүзүлүп, күнөөлүү адамдарга мыйзам чегинде тийиштүү чаралар көрүлөрү айтылды.
Буга чейин Чүйдө эки эркек 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатканы боюнча маалымат тараган. Анда Бишкектеги "Алтын Казына" ресторанынын кызматкерлери кызды бир күн бою алмак-салмак зордукташканы айтылган.