ОшМУ ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 47 студентке 500 сом өлчөмүндө социалдык стипендия берди

3-декабрь - Эл аралык майыптар күнүнө карата Ош мамлекеттик университети ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 47 студентке  500 сом өлчөмүндө социалдык стипендия берди. Окуу жай тарабынан атайын түзүлгөн комиссия жардамга  муктаж, ата-энеси жок, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, турмуш шарты оор, 2010-жылы Ош жана Жалал-Абад облустарындагы Июнь окуясында жабыр тарткан студенттердин арыздарын карап чыгышты. Андан соң 2013-2014-окуу жылы үчүн жалпы университет боюнча күндүзгү окуу бөлүмүндө келишимдик негизде билим алып жатышкан 360 студентке жеңилдиктер берилди. Жеңилдиктин жалпы суммасы 1 миллион 112 миң сомду түздү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын тарбия департаментинин директору Божонов Замир билдирди. 

Мындан сырткары университет тарабынан шаардагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 5 адамга 1000 сомдон акчалай жардам тапшырылгандыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан